Долбоордун алкагында «Кыр-Жол айылын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу» чакан долбоору айылдын тургундары тарабынан тандалып алынган. Учурда тендердик процедуралар өткөрүлдү. Тендердин жыйынтыгы менен электр жабдыктарды жана материалдарды тапшырууга 4 компания тандалып алынды. Бул компаниялар 2 айдын аралыгында төмөндөгү жабдыктарды «Жалалабад электро» ААКнун кампасына жеткиришет. Андан соӊ «Жалалабад электро» ААК графиктин негизинде Сиздин айылда ВЛ 6-10, ВЛ 0,4 кВ жана ТП-160 жана ТП-250 кВА көмөк чордондоруна реконструкциялоону баштайт. Сатып алынуучу жана «Жалалабад электро» ААК кампасына жеткирилүүчү жабдыктар жана материалдар: 1 Опора СВ-110 – 50 даана. 2 Опора СВ-95 – 110 даана. 3 Траверсы 10 кВ – 50 даана. 4 Траверсы 0,4 кВ – 114 даана. 5 Узел крепления укоса У-3 – 15 даана. 6 Изолятор ТФ-20 – 400 даана. 7 Провод А-35 – 1250 кг. 8 Трансформатор масляный ТМ 160 кВА – 2 даана. 9 Трансформатор масляный ТМ 250 кВА – 2 даана.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation